Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Бурундини 15 жыл башкарган Пьер Нкурунзиза каза болду


Пьер Нкурунзиза.
Пьер Нкурунзиза.

Бурундинин президенти, 55 жаштагы Пьер Нкурунзиза дүйнө салды. Расмий маалыматтарда анын жүрөгү кармап каза болгону белгиленди. Маркум 15 жыл дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бирин жетектеп келди. Ал өткөн ишембиде өзүн жаман сезгени үчүн ооруканага жеткирилгенин, бирок дүйшөмбүнүн кечинде көз жумганын шейшембиде Бурундинин өкмөтү билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Нкурунзизанын аялы COVID-19га чалдыкканын жазышкан. Бирок президент өзү вирусту жугузуп алганбы же жокпу белгисиз. Акыркы апталарда ага "пандемияга каршы чара көрбөй жатат" деген доомат көп айтылып келген. Карантин киргизүүнүн ордуна Нкурунзиза "Бурунди элин жараткан колдойт" деп билдирип келди.

Эпидемия күчөп турган маалда 20-майда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Ага Нкурунзиза катышпаса да, шайлоодо өзү тандаган киши жеңишке жеткен. Жаңы президентке киришкенде Нкурунзиза «жогорку ажо» деген наам алып, жаңы бийлик бардык маселелерде аны менен кеңешип турмак.

9 миллиондой калкы бар Бурунди - Белгиянын мурдагы колониясы.

XS
SM
MD
LG