Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

ОшМУнун Франция менен кызматташтыгы талкууланды


Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. Кудайберди Кожобеков жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру.
Жолугушуу учурунда тартылган сүрөт. Кудайберди Кожобеков жана Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру.

Ош мамлекеттик университетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Франциянын жогорку окуу жайларында билим алат. Бул тууралуу 8-июнда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэл Ру менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын билим берүү багыты боюнча эки тараптуу кызматташтыгы, ОшМУда француз тилин үйрөтүүнү өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУ жөнүндө кенен маалымат берип, окуу жайда француз тилин үйрөтүүгө толук шарт бар экенин айтты.

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинде 1995-жылы француз тили секциясы ачылган. Ага элчилик ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

19 факультетте ​35 миң студент билим алган ОшМУ быйыл 80 жылдык мааракесин белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG