Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Жалал-Абадда филармониянын артисттери ооруканада концерт коюшту


Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасындагы концерт. 21-май, 2020-жыл.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасындагы концерт. 21-май, 2020-жыл.

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты дарыгерлер үчүн концерт тартуулады. Артисттер 21-майда таңкы саат жетиден тартып облустук клиникалык оорукананын короосунда концерт коюп, жумушка келе жаткан дарыгерлерди ыр менен тосуп алышты.

Аталган филармониянын жетекчиси Базарбай Мадоморов билдиргендей, таажы вирусу облусту аралагандан бери медицина кызматкерлери тынымсыз баш көтөрбөй, карантиндик шартта иштеп жатышат. «Таңкы маанай» аттуу атайын концерттик программа ден соолук сакчыларынын маанайын көтөрүү максатында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулду.

Облустук клиникалык ооруканада 300дөн ашык медицина кызматкери эмгектенет. Кыргызстанда илдеттин эң алгачкы учуру катталган марттан бери клиникалык ооруканада 92 бейтап дарыланып чыкты. Учурда COVID-19 аныкталган жана ооруга шектүү беш киши жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG