Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

АКШнын чабарманы чабуулдар күчөгөн маалда Ооганстанга келди


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад.

АКШнын чабарманы Залмай Халилзад Ооганстанда куралдуу чабуулдар күчөгөн маалда Кабулга келди. Ал Катарда «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзгөн соң ооган баш калаасына келип түшкөнүн президент Ашраф Ганинин кеңсеси 20-майда билдирди. Вашингтондун Ооганстан боюнча чабарманы ооган өкмөтү менен талибдердин ортосундагы токтоп калган сүйлөшүүлөрдү жандантууга аракет кылып жатат.

Анын бул сапары Ооганстандын Парван жана Хост провинцияларында эки мечитке чабуул коюлган учурга туш келди. 19-майдын кечинде орозо кармагандар ооз ачып жатканда болгон кол салуудан кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, белгисиз куралчан адамдар мечитке кирип келип, зыяратчыларга ок ата баштаган.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги Парвандагы кол салууга «Талибан» кыймылын күнөөлөгөнү менен талибдер муну четке кагышты. Парвандын полиция башчысы Харун Мубариз Парван бул кол салууга «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун тиешеси болушу мүмкүн экенин «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдирди.

Кошмо Штаттар менен талибдердин өкүлдөрү февраль айынын аягында кол койгон тынчтык келишимине ылайык, ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылы туткун алмашып, андан соң өлкөдөгү 18 жылдан ашкан согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүн башташы керек эле. Бирок талибдер менен ооган өкмөтү тил табышпай, ортодогу баштапкы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Андан бери «Талибан» ооган күчтөрүн бутага алган чабуулдарын күчөттү.

XS
SM
MD
LG