Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Орусияда бийликчил журналист Соловьёвго каршы 200 миңден ашык кол топтолду


Владимир Соловьёв.
Владимир Соловьёв.

Теле алып баруучу Владимир Соловьёвду «Магнитский тизмесине» кошууну, АКШ менен Евробиримдиктин аймагына киришине тыюу салууну жана Италия жарандыгын бербөөнү талап кылган демилге Change.org платформасында 200 миңден ашык кол топтоду.

Италиян тилинде жазылган бул петицияны өткөн жылы октябрь айында диний кызматкер Сергий уюштурган. Ал өлкөнүн ички иштер министри Лучане Ламорджезеге жана италия элине кайрылып, «Соловьёв өзүнүн агрессивдүү сөздөрү менен Украина жана Сирия сыяктуу мамлекеттердеги аскердик аракеттерге катышуу үчүн жаштардын аскерге барышына шыкакчы болгон» деп жазган.

Сергий теле алып баруучунун экстремисттик жана ксенофобиялык билдирүүлөрү көп экенин, бирок Путиндин диктатордук режимин колдогону үчүн жазасыз калып жатканын белгилеген. Ошондой эле петицияда Соловьёв Италияда кыймылсыз мүлкү, бул өлкөдө жашоого расмий уруксаты болсо да орус телеканалдары аркылуу демократия баалуулуктарына жана Европа Биримдигине каршы үгүт жүргүзөрү жазылган.

Италиянын бийлиги петиция жөнүндө комментарий берген эмес. Ал эми Соловьёв «документ мени кызыктарбайт» деп билдирген.

Алексей Навальныйдын иликтөөсүндө "Россия 1" телеканалынын алып баруучусунун Италиядагы Комо көлүндө эки вилласы бар экени, анын биринин баасы миллион евродон ашык экени жана мамлекетте жашоого уруксат берүүчү документи бар экени айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG