Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Франциянын мурдагы президенти Жискар д'Эстен жыныстык ыдык көрсөтүү үчүн шек саналууда


Валери Жискар д'Эстен.
Валери Жискар д'Эстен.

WDR немец телеканалынын журналисти Анн-Катрин Штраке Франциянын мурдагы президенти Жискар д'Эстенди жыныстык асылууга байланыштуу айыптап чыкты. Ал 30-мартта арыз жазган. Бул тууралуу дүйшөмбүдө «France-Presse» агенттиги Париж прокуратурасына таянып жазды.

Окуя 2018-жылдын декабрь айында болуп өткөнү айтылууда. Журналисттин сөзүнө караганда, интервьюдан кийин Валери Жискар д’Эстен колун анын жамбашына койгон. Анн-Катрин Штраке мындай көрүнүш үч жолу болгонун айтууда.

«Эл аралык француз радиосу» Франциянын мурдагы президенти, республиканын Конституциялык кеңешинин мүчөсү, 94 жаштагы Валери Жискар д'Эстендин аракетин жеке адамдарга каршы жасалган кылмыштар менен күрөшүү бригадасы (BRDP) текшерерин билдирди. Мурдагы президенттин адвокаты бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми журналист Анн-Катрин Штраке укук коргоо органдары анын арызын кабыл алганына сүйүнүп жатканын «France-Presse» агенттигине билдирди. «Иликтөөнү башташ үчүн министрлик менин арызымды кабыл алганына абдан кубанычтамын», - деди журналист.

2018-жылы 18-декабрда Штраке тасма тартуу тобу менен мурдагы президенттин париж бюросуна интервью алганы келген. Маектин аягында чогуу сүрөткө түшүү маалында экс-президент журналистти кучактап, колун жамбашына койгон. Мындай аракетин экс-президент кийин да кайталаган.

XS
SM
MD
LG