Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Эки шаарда, бир райондо жана бир айылда карантин режими калат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эгер коронавирустун жайылышы күчөп, кырдаал курчуса өзгөчө абал режими кайрадан киргизилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 10-майдагы брифингде айтып, элди саламаттыкка кайдыгер болбоого чакырды.

"Бизде дагы эле коркунучтуу деген аймактарда карантин киргизилип жатат. 11-майдан тартып Бишкек шаарынын аймагында, Ош шаарында, Ат-Башы районунда, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин болот. Башка аймактарда өзгөчө кырдаал тартибинде иштер жүргүзүлөт",- деди Боронов.

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта аныкталып, 10-майда бул ооруну жугузгандардын саны миң кишиден ашты. Алардын 675и сакайып, 12си көз жумду.

Бийлик 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, 25-мартта айрым аймактар өзгөчө абал режимине өткөн. Баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып өзгөчө абал режими алынары кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG