Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаев: «Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тегерегинде лабораториялык да изилдөөлөр бар. Жыйынтыгы чыкканда маалымат берилет», - деди.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавирус илдетине чалдыккан адам катталбаганын билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан.

Кыргызстандык бир катар укук коргоочулар жана юристтер бийликке кайрылып, абактарда коронавирус жайылса кесепети өтө оор болорун эскертишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG