Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Грузия 1-июлдан тартып туристтерди өлкөгө киргизе баштайт


Тушетия тоолорунда жайылган койлор. Грузия.
Тушетия тоолорунда жайылган койлор. Грузия.

Грузия 1-июлда чет өлкөлүк туристтер үчүн эшигин ачууга камынып жатканын премьер-министр Георгий Гахария билдирди. Анын айтымында, 1-июлда чек араларды ачып, аба каттамдарын жандандыруу пландалууда.

Ага ылайык, 15-июндан тартып туристтик бизнес өлкө жарандары үчүн ишин баштайт.

11-майдан тартып Грузияда өндүрүштүн бардык түрү, соода борборлору жана кийим-кече саткандан башка дүкөндөр кайра ачылат. Айрым шаарлардын ортосунда каттамга уруксат берилет.

Грузияда 22-майга чейин өзгөчө абал жарыяланып, кечки тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат режими киргизилген.

Акыркы маалыматка караганда Грузияда коронавирус жукканы аныкталгандар 615 кишиге жетти. Алардын 275и айыгып чыкса, 9 адам COVID-19дун кесепетинен көз жумду.

XS
SM
MD
LG