Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

Швейцария Кыргызстандагы социалдык мекемелер үчүн 200 миң доллар каражат бөлдү


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы Азык-түлүк программасы Швейцария мамлекетинен 200 миң франк (196 500 АКШ доллары) суммасында каражат алды. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул каражат Кыргызстандагы 22 социалдык мекемеге жана мектеп-интернаттарга азык-түлүк алып берүүгө жумшалат. Азык-түлүк алып берүү ишин өлкөнүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге жүргүзөт. БУУ Кыргызстанга COVID-19 кризисинин учурунда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн жардам берүүдө.

Швейцария өкмөтү Кыргызстан менен 1994-жылдан бери кызматташат. Ушу күнгө чейин Швейцария Кыргызстанга техникалык, каржылык жана гуманитардык жардам түрүндө 400 миллион франк (28 миллиард сом) каражат бөлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG