Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 15-апрелдеги парламенттик отурумда дарыгерлердин нааразылыгы тууралуу кеп козгоду.
«200 миң сом деген эмне деген акча? Согуш убагында куралсыз душманга салып берген батальондой кылып эле силер дарыгерлерди эч кандай куралсыз алдыга салып койдуңар. Эми оору жугузуп алгандарын текшерип, комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Дарыгерлердин нааразылыгы ушундан пайда болот, аларды кайра ыйлатып, кечирим сураттыңар. Токтоткула, мындайды!» - деди депутат.
Дарыгерлерди вирус жугузгандар көп болгону үчүн кызматтан бошотпош керек экенин дагы бир депутат - Айнуру Алтыбаева да айтып кетти.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жасалып жатканын билдирди.
Кыргыз өкмөтү кабыл алган токтомго ылайык иш учурунда коронавирус жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация, ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт.(ZKo)