Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Карантин аяктагыча ачылбай турган жайлардын тизмеси жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык штаб өлкө аймагында өзгөчө абал аяктагыча ачылбай турган жайлардын тизмесин жарыялады. Алар:

- бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларына чейинки бардык билим берүү мекемелери;

- оюн-зоок жайлары, соода борборлору, ири базарлар жана дүкөндөр, барлар, түнкү жана оюн клубдары, театрлар, музейлер жана кинотеатрлар.

Штаб азык-түлүк дүкөндөрү жана күнүмдүк жашоого керектүү товар сатылган базарлар, дарыканалар ишин уланта берерин белгиледи.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде мындай абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду.

Өзгөчө абал учурунда көптөгөн мекеме-ишканалардын иши убактылуу токтоп, бийлик үч кишиден көп топтолгон жерлер болсо айыппул салынарын эскерткен.

Буга чейин өзгөчө абал 15-апрелден кийин узартылса айрым мекеме-ишканалардын ишине уруксат берилери айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 430 адамга жетти. Бешөө каза болду, 71 адам айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG