Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Киев менен орусиячыл жикчилдер Пасха арапасында туткун алмашат


Орусиячыл жикчилдердин колундагы туткундардын жакындарынын акциясы. 16-январь, 2020-жыл.
Орусиячыл жикчилдердин колундагы туткундардын жакындарынын акциясы. 16-январь, 2020-жыл.

Украинанын өкмөтү менен өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдер Пасха майрамынын арапасында туткун алмашууга макулдашты.

Бул тууралуу маалыматты 8-апрелде Үч тараптуу сүйлөшүү тобунун мүчөлөрү - Орусия менен Украина жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, туткундарды 19-апрелге чейин алмашуу сүйлөшүлгөн.

Үч тараптуу сүйлөшүү тобунун орусиялык өкүлү Борис Гризлов Киев менен жикчилдер туткундардын тизмесин түзүшкөнүн билдирди. Бирок алардын саны тууралуу маалымат айтыла элек.

Киев менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда бир канча убакыттан бери уланып келе жаткан сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы калабаны токтото албай келатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, 2014-жылдан берки кагылышууда 13200 адам курман болду.

XS
SM
MD
LG