Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Жалал-Абадда коронавирустан айыккан үч адам ооруканадан чыгарылды


Жалал-Абаддагы бейтаптарды ооруканадан чыгаруу учуру. 30-март, 2020-жыл.
Жалал-Абаддагы бейтаптарды ооруканадан чыгаруу учуру. 30-март, 2020-жыл.

Облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 16-марттан бери дарыланып жаткан үч адам үйлөрүнө чыгарылды. Алар Сузак районунун Благовещенка айылынын тургундары - күйөөсү менен аялы жана 70 жаштагы кемпир.

«Биринчи кезекте дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем. Алгач биз да аябай коркуп, өмүрүбүздөн кооптонгонбуз. Мына, кудайга шүгүр, аман-эсен чыгып жатабыз. Эң негизгиси - башкаларга айтат элем, дарыгерлерге ишенгиле жана ооруп калсаңар кайрылгыла», - деди аты-жөнүн атагысы келбеген сузактык тургун.

Ооруканадан чыгарып жатып Республикалык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин борборунун директору Сабыржан Абдыкеримов алардан үйдөн сыртка чыкпоону суранды.

«Үйгө барганда эч жакка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Бөлмөлөрдү тазалап, колдон келсе зыянсыздандырып тургула. Бул жактан керектүү каражаттарды беребиз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер сиздер менен телефон аркылуу байланышып турат. Кандайдыр бир оорунун белгилери аныкталса дароо байланышыңыздар», - деди Абдыкеримов.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов коронавирустан сакайып чыккан адамдарга ден соолук каалап, ар бирине таңгакталган беткаптарды тапшырды.

Илдеттен айыгып чыккан түгөйдү жергиликтүү бийлик өз үйүнө алып кетсе, бир кемпирдин турак жайы толук даяр болбогондуктан бүгүнчө оорукананын обсервацияга даярдалган бөлүмүндө калмай болду. Үйлөрүнө чыгарылган бейтаптардын азыркы абалы боюнча дарыгерлер так маалымат беришкен жок.

Кыргызстанда 30-мартка карата 94 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды. (RsK)

XS
SM
MD
LG