Кыргызстандын аймагында бир суткада эки жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-мартта саат 10:51де жердин титиреши Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында беш балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 балл болду.
Ушул эле күнү 16:04тө Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)