Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Евробиримдик сырттан келгендерге 30 күндүк чектөө киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдик коронавирусту азайтыш үчүн сырттан келгендерге 30 күндүк чектөө киргизди. Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 17-мартта Европа өлкөлөрүн үчүнчү мамлекеттердин жарандары үчүн чек арасын жабууга чакырды. Тыюунун аймакта туруктуу жашагандарга, биримдиктеги дипломаттардын үй-бүлөсүнө, эл аралык уюмдардын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине, товар ташыган адамдарга тиешеси жок.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Еврокомиссия президентинин өтүнүчүн ага кирген өлкөлөрдүн дээрлик баары колдоп бергенин билдирип, Британиянын, Исландиянын, Лихтенштейндин, Норвегиянын жана Швейцариянын жарандары үчүн чек ара ачык экенин маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы өкүлү биримдиктин жетекчилерин коронавируска каршы чечкиндүү кадамдарга барууга чакырган.

XS
SM
MD
LG