Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 15-мартта өзбекстандык кесиптеши Абдулазиз Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда тараптар Өзбекстанда катталган коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулашты. Ошондой эле мындан аркы биргелешип алып баруучу иш-аракеттер, мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдүн транзити жөнүндө да сүйлөштү. Соңунда бул маселелердин алкагында маалымат алмашуу менен чогуу иш алып барууну макулдашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
15-марттын таңында Өзбекстанда Франциядан кайткан адамдан коронавирус аныкталганы расмий кабарланган.
15-мартта Казакстанда сегиз киши коронавируска чалдыкканы катталган. Ооругандардын бирөө Москвадан Алматыга кайткан казакстандык экени аныкталды.
Кыргызстандын өкмөтү өлкөдө вирус жуктургандар катталбаганын маалымдоодо. Өлкөдө 16-марттан тарта бардык мектеп, жогорку окуу жайлар карантинге жабылат.(ZKo)