Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:29

Талантбек Батыралиев учакта адам өмүрүн сактап калды


Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

«Түрк аба жолдору» компаниясы кардиолог, мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге ыраазычылык билдирди. 16-январда Бишкек-Стамбул каттамында дарыгер учакта өзүн жаман сезип, кан басымы жогорулап кеткен 60 жаштардагы аялдын өмүрүн сактап калган.

«Түрк аба жолдору» компаниясы дарыгерге: «Биздин жүргүнчүнүн абалына кайдыгер карабай, ага убагында медициналык жардам көрсөтүп, учактын экипажын колдогонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздин өз ыктыярыңыз менен адам өмүрүн сактап калууга жасаган аракетиңиз биз үчүн маанилүү», - деген кат жиберди. Батыралиевдин айтымында, жашы 60тан өткөн аял учак көтөрүлгөндөн эки саат өтпөй өзүн жаман сезип, буту-колу тырышып, сүйлөй албай калган. Анын кан басымы көтөрүлүп кеткени билинген. Дарыгер тийиштүү медициналык жардам көрсөткөндөн кийин аял өзүнө келген. Догдур мындай опурталуу учурда учактын экипажынын даярдыгы да мыкты экенин белгиледи.

Талантбек Батыралиев Бүткүл союздук кардиология илим борборунун аспирантурасын бүтүргөн. Кыргызстандын кардиология илим изилдөө институтунда илимий кызматкер. Англия менен Түркияда иштеп, бир нече жыл Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турган. (BCh)

XS
SM
MD
LG