Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

УКМК: Жасалма акча сатууга аракет кылган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ири суммадагы жасалма акчаны сатууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө 15 миң долларды сатууга шектүү катары 65 жаштагы адам колго түшүрүлдү.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо» беренесинин негизинде катталды.

Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жасалма акча сатууга катышы бар башка да адамдарды аныктоо багытында ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Жакында Бишкекте 10 500 евро өлчөмүндө жасалма акча сатууга аракет кылган 27 жаштагы тургун кармалган.

Улуттук банктын расмий курсу менен эсептегенде 15 миң доллар 1 миллион сомдон ашуун акча болот. (RK)

XS
SM
MD
LG