Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Казакстанда митингди утурлай полиция ондогон адамдарды кармап кетти


Казакстан. Алматы шаары. 1-март, 2020-жыл.
Казакстан. Алматы шаары. 1-март, 2020-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында 1-мартта полиция Республика аянтынан 10дон ашык адамды кармап кетти. Кармалгандардын айрымдарынын колунда 25-февралда тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин сүрөтү болгон. Ушундай эле кармоо Нур-Султан шаарында да болуп жатат.

Бүгүн оппозициялык топтордун митингин утурлай полиция «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын бир нече мүчөсүн жана «Көчө партиясы» кыймылынын активистин да кармап кеткени кабарланды.

Бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жана ал түзгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» саясий кыймылы Дулат Агадилдин өлүмү үчүн жарандарды акимиаттардын алдына, шаарларда митингге чыгууга чакырды.

Казакстандын Башкы прокуратурасы 28-февралда жарандар уруксат берилбеген митингдерге чыкса, административдик жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда каза болуп калган. Буга чейин полиция активисттин жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Informburo.kz маалымат агенттигиндеги маегинде Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG