Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Казакстанда активист Дулат Агадил тергөө абагында көз жумду


Дулат Агадил.
Дулат Агадил.

25-февралда Нур-Султан шаарынын полициясы 43 жаштагы активист Дулат Агадил тергөө абагында жүрөгү кармап көз жумган болушу мүмкүн экенин билдирди. Кабар тарар замат анын ондогон тарапташы тергөө абагынын жанына чогулуп, 22-февралда кармалган митингдин катышуучуларын коё берүүнү талап кылышты.

Полиция департаментинин маалыматына ылайык, 24-февралдын кечинде Агадилди тергөө абагына алып барышкан. Былтыр ноябрда адинистративдик жазага тартылып, камакка алынган активист Акмол айылындагы тергөө абагынан качып кеткен. Ал «куугунтукка кабылганынан» ушундай кадамга барганын айткан. Туугандары жана укук коргочулар Агадил абакта таяк жеген болушу мүмкүн деп кооптонорун билдиришкен.

Активист социалдык маселелерди козгоп, адам укуктарын жана эркиндикти урматтоого чакырып келген. Эл аралык уюмдар полиция бөлүмдөрүндө жана түрмөлөрдө кармалгандарды кыйноо маселеси Казакстанда көптөн бери бар экенин белгилешет.

22-февралда Казакстандын бир нече шаарларында бийликке каршы митингдер өттү. Укук коргоочулар ар кайсы шаарда 300дөн ашуун киши кармалганын, анын ичинен Алматыда экөө жараат алганын билдиришккен.

Казак полициясы ишембиде канча киши кармалганын так айта элек.

XS
SM
MD
LG