АКШнын Финансы министрлигинин «кара тизмесине» компаниянын вице-президенти Дидье Касимиро да кирди. Бул чектөө ишкананын Венесуэланын бийлиги менен байланышы үчүн киргизилди.
Швейцариялык «Rosneft Trading» компаниясы Венесуэланын чийки мунайын ташып сатууда ортомчулук кылып келген. Финансы министрлигинин маалыматында «АКШ Мадуронун коррупциялашкан бийлиги мындан ары Венесуэланын мунай байлыгын тоношуна жол бербейт» деп айтылган. Ак үйдүн өкүлү журналисттерге билдиргендей, аталган компанияга санкция салууга АКШнын президенти Дональд Трамп буйрук берген.
Январь айында Венесуэланын президенти Николас Мадуро дүйнөлүк ири мунай компанияларына өлкөнүн мунай тармагын менчиктештирүүнү сунуш кылган.
«Bloomberg» журналы сунуш алган компаниялардын арасында орусиялык «Роснефть» ишканасы да бар экенин жазган.
Венесуэла - мунайдын көлөмү жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турган өлкөлөрдүн бири.