Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Ат-Башыда митингге чыккандар бийликке бир нече талап коюшту


Ат-Башы районунда болгон митинг. 17-февраль, 2020-жыл.
Ат-Башы районунда болгон митинг. 17-февраль, 2020-жыл.

Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыккандар бийликке бир нече талап коюп, резолюция кабыл алышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган митингге катышкан жарандык активист Аманбол Бабакулов билдирди:

«1. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.

2. «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.

3. Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.

4. Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.

5. Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына жана аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун», - деди Бабакулов.

17-февралда болгон митингдин катышуучулары бул талаптар эки аптанын ичинде аткарылбаса мындан башка да чара көрүшөрүн айтышты. Бабакулов Ат-Башы районунда болгон иш-чарага 2000дей киши катышканын айтса, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 700-800дөй киши чыкканын билдирди.

Жыл башынан бери Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат. Алар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

Логистикалык борбор куруу долбоору «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына таандык. Аталган ишканага кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна кытайлык ишкер 280 миллион доллар сарптоого даяр экени, анда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок экени айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG