Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

ЭВФ Тажикстанды банкрот болгон эки банкты жоюуга чакырды


Эл аралык Валюта Фонду. Иллюстрациялык сүрөт.
Эл аралык Валюта Фонду. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) тажик бийлигин 2016-жылдан бери аманатчылардын акчасын кайтарып бере албай жаткан «Агроинвестбанк» менен «Точиксодиротбанкты» жоюуга чакырды.

2017-жылы февралда тажик өкмөтү жардам катары «Точиксодиротбанкка» 2 миллиард 250 миллион сомони, «Агроинвестбанкка» 1 миллиард 70 миллион сомони бөлүп берген. Бирок банктардын маселеси чечилген эмес.

ЭВФтин жетекчилиги тараткан билдирүүдө банктардын аманатчылардын алдындагы карызы азайып, кирешеси көбөйгөнүнө карабастан, калктын банк системасына болгон ишенимин кайтарыш үчүн көбүрөөк аракет керек болору жазылган.

«Мындай шартта карыздарын төлөй албаган эки банкты жоюу жана аманатчылардын акчасын кайтарып берүү негизги багыт болуп эсептелет», деп жазылган билдирүүдө.

Тажикстандын Улуттук банкы ал банктардын банкрот болушуна туура эмес башкаруу себеп болгонун билдирген. Учурда «Агроинвестбанктын» тогуз объектиси камакта турат. Бийлик аманатчылардын карызынан кутулуш үчүн ал мүлк объектилерин сата баштай тургандыгын билдирген.

Өткөн жумада Улуттук банктын төрагасынын орун басары Жамолиддин Нуралиев өлкө ЭВФтин көптөгөн сунуштарын аткарганын билдирген. Тажикстан бир канча жылдан бери бул эл аралык каржы уюмунан жеңилдетилген насыя алууга аракет кылып келет. ЭВФ 2017-жылы насыя берүүгө макул болуп, бирок тажик бийлигине банк, экономика тармактарында реформаларды жасоо боюнча шарт койгон.

XS
SM
MD
LG