Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Салянованын инисинин өлүмү боюнча сот 5-февралга жылдырылды


Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.
Маркум Улан Саляновдун үйү. Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушу. Сүрөт окуя болгон күнү, 2017-жылдын 6-ноябрында тартылган.

Буга айыпталуучулардын бири адвокатына ишенбестик билдиргени негиз болду. Эрмек Осмонкулов ушул себеп менен башка адвокат жалдоону көздөп жатканын сотко билдирди. Жабырлануучу тараптын адвокаты Рабига Сыдыкова муну айыпталуучунун ишти создуктуруу аракети катары баалады. Анын айтымында, мурунку отурум да Эрмек Осмонкулов ооруп калганына байланыштуу жылдырылган.

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип атып кетишкен. ​ИИМ бул кылмыш үчүн үч киши шек саналып жатканын кабарлаган. Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 2018-жылы сентябрда карай баштаган.

ИИМ бул кылмыш үчүн жалпысынан үч киши - Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев шек саналып жатканын жарыялаган. Булардын арасынан Осмонкулов 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен кармалган. Абыкулов Москвадан колго түшүп, быйыл май айында Бишкекке жеткирилген. Үчүнчү шектүү, орус жараны Насруллаев да Екатеринбург шаарынан 2018-жылы август айында кармалган. (MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG