Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Иран: Бушер атомдук станциясына жакын аймакта жер титиреди


Бушер атомдук станциясы.
Бушер атомдук станциясы.

Ирандын түштүгүндө Бушер провинциясындагы атомдук станцияга жакын жерде 27-декабрда күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.

АКШнын Геологиялык кызматы жер өтө катуу термелбегени менен кесепети тийиши ыктымал экенин эскертти. Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары атомдук станция жабыркабаганын билдиришти.

Европалык - Жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө атомдук станциядан 53 чакырым алыстыкта орун алды.


Буга чейин станция күчү мындан дагы жогору жер титирөөгө туруштук бере алары айтылган.

2003-жылы станцияга жакын Бам шаарында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анда бул тарыхый шаар толугу менен кыйрап калган жана табыгый кырсыкта 26 миңдей адам ажал тапкан.

Иран сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан жана жүздөгөн адам өлүп, миңдеген кишини жарадар кылган жер титирөөлөр маал-маалы менен кайталанып турат.

XS
SM
MD
LG