Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Рим папасы жылдык кайрылуусунда мигранттарды коргоду


Рим папасынын кайрылуусун Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдар угуп турушту, 25-декабрь, 2019-жыл.
Рим папасынын кайрылуусун Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдар угуп турушту, 25-декабрь, 2019-жыл.

Рим папасы Франциск Рождествого карата Ватиканда жасаган жылдык кайрылуусунда качкындар менен мигранттарды коргоду. Ал катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын айтты.

"Адилетсиздик аларды көрүстөнгө айланган чөлдөр менен деңиздерди кесип өтүүгө аргасыз кылып жатат", - деди Рим папасы. Мындан тышкары Франциск диний ишениминен улам куугунтукталгандар тууралуу сөз кылып, христиандарга каршы чабуулдар орун алган Африкадагы Буркина-Фасо, Мали, Нигер жана Нигерия мамлекеттериндеги кырдаалга токтолду. Рождествого караган түнү Буркина-Фасодо исламчыл экстремисттик топтун чабуулунан 35 адам мерт болгон эле.

83 жаштагы Рим папасы куралдуу жаңжалдар токтобой жаткан Сирия, Украина, Йемен сыяктуу өлкөлөрдө тынчтык орнотуу зарылчылыгын да баса белгиледи.

Дүйнөдөгү 1,3 миллиарддай католиктердин диний лидери саналган Рим папасы Франциск ушуну менен жетинчи жолу Рождествого карата кайрылуу жасады.

Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, ал эми православдар 7-январда белгилешет.

XS
SM
MD
LG