Баткен облусунда келечек муундун билим деңгээлин жана тарбиясын жакшыртуу максатында «Энелер мектеби» долбоору алгылыктуу иш жүргүзүүдө.
Кезектеги облустук конференция Кадамжай районунда өтүп, ага облустун жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын максаты - элдик мугалим атка конгон КРнын Эмгек сиңирген мугалими, билим берүүнүн отличниги, КРнын Ардак Грамотасынын эки жолку ээси Гапыр Мадаминов негиздеген «Энелер мектебинин» иш тажрыйбасын жайылтуу, мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин ортосундагы мамилени чыңдоо менен билим деңгээлин көтөрүү.
«Энелер мектеби» 1997-жылы №3 эксперименталдык гимназияда Г.Мадеминовдун демилгеси менен ачылган. 2001-жылы Бишкек шаарында анын «Энелер мектебинин окуу программасы жана ата-энелер үчүн окуу программасы» жарык көргөн.
«Энелер мектебин» бүтүргөндөрдүн балдары 100% ЖРТнын босого баллынан жогору упай алып, жогорку окуу жайларында бюджеттик бөлүмдө билим алып келишет.
Бүгүнкү күнгө чейин 50 миңден ашуун эне бул мектепти бүтүрүп чыкты.
«Энелер мектебинин» иш тажрыйбасы Баткен облусунан сырткары Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай, Араван райондорунда, Жалал-Абад облусунун, Бишкек шаарынын айрым мектептеринде, бала бакчаларында ишке ашырылууда. (JsA)