Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Кумтөрдөгү кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү


Жер көчкүдөн кийинки абал.
Жер көчкүдөн кийинки абал.

Кумтөрдөгү эки адам дайынсыз кеткен кырсык боюнча комиссия түзүү жөнүндө сунуш түштү. Бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров айтып чыкты. Анын сөзүнө караганда, ал комиссия кырсыкка себеп болгон жагдайларды жана кендеги абалды изилдеп чыгышы керек.

Депутат Аида Исмаилова болсо кырсык боюнча өкмөттү толук маалымат берүүгө чакырды.

Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан. Андан бери 100гө жакын куткаруучу кырсык болгон жерде иштеп жатса да, майнап чыга элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG