Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

FT: Асаддын туугандары «Москва-Ситиден» 19 батир сатып алышкан


«Москва-Сити».
«Москва-Сити».

Сириянын президенти Башар Асаддын жакын туугандары Орусиянын Москва шаарындагы «Москва-Сити» турак жай комплексинен жалпы баасы 40 миллион долларга бааланган кеминде 19 батир сатып алышкан. Бул тууралуу «Financial Times» басылмасы коррупцияга каршы күрөшкөн «Global Witness» өкмөттүк эмес уюмунан алынган документтерге таянып жазды.

Документтерге ылайык, Асаддын таякеси Мохаммад Махлуф Москвадан 2013-жылдан тартып турак жай сатып ала баштаган. Ушул тушта президенттин тууганы Хафиз Махлуфка жана ага таандык компанияларга 13 батир катталуу. Эки тандалма батир Асаддын дагы бир тууганы, Сириядагы эң таасирлүү ишкер Рами Махлуфдун аялына катталуу. Дагы үч батир туугандарына жазылуу. Асаддын бул туугандарынын баарына эл аралык санкция салынган.

«Financial Times» басылмасы ырастагандай, турак жай сатып алыш үчүн бир канча ливандык офшордук компаниялар колдонулган. Башар Асад менен анын туугандары жана бул офшордук компаниялар комментарий берген эмес.

Сириядагы согушта Орусия Башар Асад баштаган өкмөттү колдоп келет жана 2015-жылдан тартып аскердик жардам бере баштаган. Батыш мамлекеттери болсо Асадды «адам укуктарын бузган, аскердик кылмышка барган» деп айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG