Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Ооганстан: Абдулла Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылды


Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

Ооганстандын лидери Ашраф Ганинин президенттик шайлоодогу башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынан бюллетендерди саноону токтотууну талап кылды. Ал өз байкоочуларын чакыртып ала турганын жана азыркыдай жол менен саналган добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты.

Ашраф Гани да, Абдулла Абдулла да 28-сентябрдагы шайлоодо утканын жарыялап, бири бирин «добуш берүүнү бурмалап жатат» деп айыптаган.

Бюллетендерди саноодогу катачылыктар, техникалык кемчиликтер жана шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарынын дал келбей жатканы айрым жерлерде шайлоо жыйынтыгын кайра саноого түрткү болгон. Ошондон улам добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы улам-улам артка жылып, 14-ноябрга белгиленген.

Шайлоого жалпысынан 15 талапкер ат салышканы менен негизинен Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла теңтайлашып, атаандашкан.

Экөө 2014-жылкы президенттик шайлоого катышып, «ит жыгылыш» болгон. АКШ баштаган эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен бийлик бөлүштүрүлгөн болчу. Бирок ошондон бери эле экөөнүн тиреши токтой элек.

XS
SM
MD
LG