Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Орусиялык диссидент журналист Бабченко Украинадан чыгып кетти


Андрей Бабченко.
Андрей Бабченко.

2017-жылдан бери өз эрки менен Украинада баш калкалап жүргөн орусиялык диссидент журналист Андрей Бабченко бул өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Бабченко өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазып, анын себеби катары апрелде Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан бери жеке коопсуздугуна коркунуч күчөгөнүн белгилеген.

Бабченко Кремлдин саясатын сындаган журналист экени белгилүү.

2018-жылдын 30-августунда Киевдин соту журналист Андрей Бабченкону өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен Борис Герман аттуу жаранды 4,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал орусиялык атайын кызматтын тапшырмасы менен журналистти өлтүрмөк болгон деп айыпталган.

Украинанын Коопсуздук кызматы алдын ала чара көрүп Бабченкону өлтүрүү аракетин былтыр 29-майда токтотуп калышканын айткан. Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Васил Грицактын ошол кезде билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын коопсуздук кызматтары буюртма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылган украин жаранын атайын операциянын натыйжасында кармоого жетишкен.

XS
SM
MD
LG