Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды


Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. Венгрия, Будапешт шаары. 25-октябрь, 2018-жыл.
Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында. Венгрия, Будапешт шаары. 25-октябрь, 2018-жыл.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш Венгриянын Будапешт шаарында өтүп, Шаршенбеков 3-ноябрда өткөн финалдык беттеште армениялык Армен Меликян менен беттешкен. Жыйынтыгында армениялык атаандашына 11:7 эсебинде жеңилип, күмүш байгенин ээси болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты. 60 кг. Финал. Армен Меликян (Армения) - Жоламан Шаршенбеков (Кыргызстан).

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Шаршенбеков 3-ноябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын артыкчылык менен жеңди.

Алгачкы беттешинде Шаршенбеков азербайжандык балбан Асгар Ализаданы 4:0, 1\8 финалда орусиялык Артур Петросиянды 9:9, чейрек финалда кытайлык Лигуо Чаону 9:0, жарым финалдык беттеште украиналык Жора Абвиянды 8:0 эсеби менен жеңди.

Жоламан Шаршенбеков 20 жашта. Ал былтыр февраль айында Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жана октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг, 2016-ж.), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-ж.) күмүш медаль тагынган.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионаты Венгриянын Будапешт шаарында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин өттү. Эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Улукбек Жолдошбеков чемпион болду. Кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айпери Медет кызы коло медаль тагынды. Бул мелдешке Кыргызстандан 21 спортчу барып катышты. (GT)

XS
SM
MD
LG