Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Болгария орус дипломатын тыңчылыкка байланыштуу айыптады


Болгария. Иллюстрациялык сүрөт.
Болгария. Иллюстрациялык сүрөт.

Болгариянын атайын кызматы маалымат ташуу менен алектенген орусиялык дипломатты аныктады. Болгариянын прокуратурасынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, бул окуяга байланыштуу тыңчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөчүлөр 2018-жылдын сентябрь айында Орусиянын элчилигинин кызматкери Болгариянын борбору Софияда аталган өлкөгө тиешелүү жашыруун маалыматтарды жана Евросоюз менен НАТОдо «өтө жашыруун» деген белги коюлган маалыматтарды билген болгар жарандары менен жолуккан. Тергөөчүлөр орус дипломаты маалыматтарды алыш үчүн материалдык жардам берген деп эсептейт.

Болгариянын прокуратурасынын шек саналып жаткан адам Орусиянын элчилигинде биринчи катчы болуп иштегенин жарыялады. Элчиликте бул кызматта 9 адам эмгектенет. Алардын кимиси шек саналып жатканы жана анын аты-жөнү ачыкталган жок.

Орус дипломатынын статусуна байланыштуу ага карата кылмыш иши убактылуу токтотулду. Дүйшөмбү күнү «Reuters» агенттиги Болгариянын Тышкы иштер министрлиги Орусияга кызматкерин чакыртып алууну сунуш кылганын жазды.

Кийинчерээк болгар бийлиги орус дипломаты өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG