Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 20 мектеп курулганы жатат


Каныбек Исаков жана IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү.
Каныбек Исаков жана IFC эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү.

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде, Бишкек жана Ош шаарларында 20 жаңы мектеп курууну карап жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мектептерди курууга IFC эл аралык каржылык корпорациясы каражат берет. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков корпорациянын өкүлдөрү Петью Николов, Салтанат Алымкулова жана Нассер Масоудду менен жолугушкандан кийин белгилүү болду.

Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаары билим берүү мекемелерин куруш үчүн жер тилкелерин бөлүп берген. Жакынкы алты айда IFC корпорациянын эксперттери мектеп курулуучу ар бир тилкенин жайгашуу ордун карап, мектептердин курулушуна кетчү каражатты аныктап чыгышы керек.

Техникалык жана башка талаптардын негизинде IFC мектептерди салып, пайдаланууга берүүгө милдеттүү болот.

IFC – Бүткүл дүйнөлүк банктын бир бөлүгү. Уюм мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү колдойт. (BTo)

XS
SM
MD
LG