Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Жеке ишкер Имамидин Ташов Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө батир берди


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Кыргызстандык жеке ишкер, курулушчу Имамидин Ташов «Азаттык» радиосунун кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин артында калган үй-бүлөсүнө Бишкек шаарынан батир белекке берди.

Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына Эгизбаевдин каза болгонунун жылдыгына байланыштуу видеокайрылуусунда айтып, маркум журналисттин үй-бүлөсү жакында ал батирге кирерин кошумчалады. Ташов батир берерин былтыр билдирген.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Бир жылда Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлдү. Фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Уюм иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Президент Сооронбай Жээбеков Уланбек Эгизбаевди көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйлап, аны ата-энесине тапшырган.

Уланбек Эгизбаевге арналган «Чындык деп жанган өмүр» китеп кыргыз жана орус тилдеринде «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Бул китепте анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

XS
SM
MD
LG