Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Орусия менен Франциянын министрлери Москвада жолукту


Орусия менен Франциянын министрлери биргелешкен маалымат жыйынында. Москва, 9-сентябрь, 2019-жыл
Орусия менен Франциянын министрлери биргелешкен маалымат жыйынында. Москва, 9-сентябрь, 2019-жыл

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жана коргоо министри Флоренс Парли 9-сентябрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу менен «2+2» форматында жолугушуу өткөрдү. Мындай форматтагы жолугушуу 2014-жылы Орусия Украинанын Крым аймагын аннексиялап алганда токтоп калган.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан биргелешкен маалымат жыйынында «ишенбөөчүлүктү азайтуу багытында иштей турган убакыт келгенин» айтты. «Биз президенттин атынан ишеним жана коопсуздук боюнча жаңы күн тартибин сунуштоо үчүн келдик» деди француз министри.

Парли “түшүнбөөчүлүктү жана тирешүүнү болтурбоо үчүн бири-бирибиз менен сүйлөшүүбүз кажет” деди. Ал эми Лавров мамилени калыбына келтирүү “мүмкүн жана зарыл” экенине токтолду. Орус министри Франциянын президенти Эммануэл Макрондун эки тараптуу кызматташтыкты калыбына келтирүү багытындагы демилгесин колдоду.

Москванын Батыш менен мамилеси Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоп жана бир катар өлкөлөрдөгү шайлоого кийлигишкени айтылгандан кийин бузулган. Бирок өткөн айда Владимир Путинди кабыл алган Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусия менен жогорку дипломатиялык кызматташтыкты жандандыра баштаган.

Министрлердин жолугушуусунун алдында, 8-сентябрда эки Владимир Путин менен Эммануэл Макрон 8-сентябрда телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну талкуулаган.

XS
SM
MD
LG