Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Гонконгдо студенттер ЖОЖдорго бойкот жарыялашты


Гонкогдо каршылык акциясына чыккан студенттер.
Гонкогдо каршылык акциясына чыккан студенттер.

Гонконгдо каршылык акциясына чыккандар 2-сентябрда эртең менен иш кычап турган маалда поезддердин алдын тороп, кыймылды токтотушту. Студенттер демонстранттарды колдоп шаардагы жогорку окуу жайларына эки күндүк бойкот жарыялашты. Алар университеттердин алдына бир кылка узатасынан кол кармашып тизилип алышты.

Гонконгдо 2-сентябрда жаңы окуу жылы башталат. Каршылык акциясынын уюштуруучулары студенттерди жапырт иш таштоого катышууга чакырышкан.

Соңку дем алыш күндөрү миңдеген демонстранттар полициянын күч колдонгонуна карабай эл аралык аэропорттун оозун, шаардан аба майданына каттаган тез жүрүүчү поезддердин жолун тороп алышкан.

Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келатат. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

Кытай бийлик өкүлдөрү демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу бир канча жолу эскерткен.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG