Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Орусия менен Монголия достук тууралуу мөөнөтсүз келишимге кол коюшат


Владимир Путин менен Халтмаагийн Баттулга.
Владимир Путин менен Халтмаагийн Баттулга.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-сентябрда кечинде Монголияга учуп кетет. Ал эки күндүк сапарынын жүрүшүндө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугат. Бул тууралуу Путин монголиялык «Одрийн сонин» басылмасындагы маегинде маалымдады. Анда ал тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу мөөнөтсүз келишимге кол коюшарын билдирди.

- Бул документ 1993-жылдагы достук мамилелер жана кызматтыштык боюнча келишимдин негизинде даярдалды. Келишим эки тараптуу алака-катышты жаңы деңгээлге чыгарат, - деди Путин.

Путин иш сапарынын жүрүшүндө Халхин-Гол дарыясында жапон аскерлери менен болгон кагылышууда жетишкен жалпы жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.

- Бул жеңиштен улам Жапония 1941-жылы Советтер Союзуна кол салуудан баш тарткан жана Экинчи дүйнөлүк согушка аралашуусун кечеңдеткен, - деди Путин.

Жолугушууларда негизинен инфратүзүм долбоорлорунун тагдыры, анын ичинде Улан-Батордогу темир жолду жаңылоого "Орусия темир жолдору" мамлекеттик ишканасынын катышуусу талкууланат.

XS
SM
MD
LG