Гүлмира 1989-жылы кыздуу болгон. Тогуз ай көтөрүп, жарыкка алып келген чүрпөсү бой жеткенде күтүүсүз чечим кабыл алат.
Тагыраагы 20 жаштан өткөндө операция жолу менен эркекке айланып, атын Санжар деп өзгөртөт.
Азыр ал өзүн трансгендер-эркек деп мүнөздөйт. Документинде «жынысы» деген графада «эркек» деп жазылып турат.
Бул чечимди кабыл алуу ал жана анын жакындары үчүн оңойго турган эмес.
Гүлмира кызынын эркекке айланышына көпкө каршы болгонун, азыр аны колдоорун айтып берди.
«Кичинесинен эле башкача болчу. Эне кызына үй тиричилигин үйрөтөт эмеспи. Мен да үйрөтчүмүн. Көңүлү келсе заматта сонун кылып жасап койчу. Көңүлү келбеген күнү эч нерсе кылбайт. Ошентип мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке окууга кетти. Студент кызымдын сексуалдык ориентациясы тууралуу бейтааныш адамдардан уктум. Атасы экөөбүз ишенбей шаарга жөнөдүк. Ал жашаган батирге барып, баарын ачык сүйлөштүк.
«Мен силерге ачык айта албай жүргөм. Мен өзүмдү эркек сезем»,- деген сөзү катуу тийди. Кагып койдум. Андан кийин үч жылдай бул темада сүйлөшкөн жокпуз.
Ошону менен баары унутулду дегем. Бир күнү сарык менен ооруп калды. Бейтапканада сүйлөшүп отурсак жынысын алмаштырып, операция аркылуу эркекке айланууга камынып жатканын айтты. Менин буга ачуум келди, уруштум. Ал «Кандай болсом ошондой кабыл алгыла, кабыл албасаңар операция жасатам» деп көшөрдү.
Эл эмне дейт? Атасы, бир тууганына кантип айтам деп аргам түгөндү. Ал арада кызым эркекче кийинип, жүрүм-туруму да өзгөрүп кетти. Мен каршы чыксам, жолдошум «өзү билсин» деп тыйып койду. Бирок чоң уулум капаланып, бир тууганын көпкө чейин жерип жүрдү.
Санжар мындан улам айылга каттаганын токтотту. Көпкө таарынып жүрдү. Бир гана жолу Ысык-Көлдөн келатканда айылга кайрылды. Бирок үйгө кирген жок. Жолдон алган балыгын таштап, дароо шаарга жөнөп кетти. Ошондон кийин эл эмне десе ошо десин, мага бала керек деген чечимге келдим.
Балама телефон чалып, «эркекке айлансаң атыңды ким деп коёсуң?» деп сурадым. Минтип кызыгып койгонума сүйүнүп калганын байкадым.
Ошондон кийин биздин үйдө маанай өзгөрдү. Мурда каршы болуп жаткан чоң уулум да карындашынын чечимин кабыл алды.
Кызым операциядан кийин эркекке айланып, ысымын «Санжар» деп өзгөрттү. Мен ага туулганы тууралуу күбөлүк, паспорт алганга жардам бердим. Көрсө, Кыргызстанда жынысын өзгөрткөндөр көп эле экен. Аны күбөлүк, паспорт алып жатканда адистерден уктум.
Башында айылдагылар күбүр-шыбыр сүйлөп жүрүшкөн. Азыр көнүп калышты окшойт. Эч ким деле бул тууралуу сурабайт. Баары жакшы.
Сексуалдык азчылыктар же ЛГБТ жөнүндө көбүрөөк окудум. Аларды туура түшүндүм.
Трансгендер балдардын ата-энелерине эч качан жерибегиле деп айткым келет. Анткени балага мээрим, үй-бүлө керек. Балдарыңар кандай болсо, ошондой кабыл алгыла!
Айрымдар айтып жүргөндөй, бул нерсе коркунучтуу илдет эмес...».
Гүлмира менен баласы Санжардын «Азаттык» радиосуна курган маегин толугу менен бул шилтемеден угуңуз: