Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Трансгендер балдар коомго батпай кыйналат (2-баян)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын шартында трансгендер болуп төрөлгөн азчылыкка медицина жактан комплекстүү түрдө көмөк көрсөтүү жагы жолго коюлганбы?

Бул суроого балдардын психотерапия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Абдиева менен бирге жооп издеп көрдүк.

- Мурда албетте, ак халатчандар арасында деле трансгендерлерге туура эмес мамиле кылып келишкен. Бактыга жараша, кийинки жылдары Кыргызстандагы "Лабрис" уюмунун иштиктүү аракеттеринин натыйжасы менен врач адистер трансгендер өкүлдөрүнө жана алардын ата-энелери менен бир туугандарына көңүл буруп, түшүндүрүү жагы жолго коюлду. Аларга психолог, психиатр, психотерапевттер консультациялык жардам беришет.

Буга чейин сөз болгондой, трансгендер өкүлү делген адамдар эч кандай медициналык дарылоого муктаж эмес, аларга болгону психологиялык-моралдык жактан көмөк көрсөтүү гана жетиштүү. Анткени алардын көбү дени карды соо адамдар.

Себеби, бул адамдар өздөрүнүн тулку боюндагы өзгөрүүлөргө түшүнбөйт. Ошондон улам башкалардан корунуп, психологиялык жактан чүнчүйт.​

Дал ушул психологиялык жабырланууга кабылган трансгендер өспүрүмдөрдүн бири Жанна Нурак кызы (мурдагы ысымы Нурлан болуптур – С.Ж) өз баянында буларга токтолду:

- Үйдө байкемдер, көчөдө чогуу ойногон балдар мени "кызтеке" деп шылдыңдаган күндөр болду. Мени ушул жарык дүйнөгө алып келген апам байкушка баарынан оор болду. Үйдө менден улуу үч эркек бала, эң кичүүсү мен. Башынан эле кыз болгум келчү. Бирок туулгандыгым жөнүндө күбөлүктө "эркек" деп жазылган. Апам дайыма менин таламымды талашып жүрүп, чачы агарды. Үйдө оюнчуктардын баары эркек балдардыкы, мен болсо "апама куурчак сатып бергиле" деп ыйлап жатып араң алдырчумун. Кийин оюнчуктарымдын баштарын жулуп, отко салып жибергенден баштап үйдөгүлөрдү жек көргөн сезим пайда болду.

Менин азабымды апамдан башка эч бир жан түшүнгүсү келбеди. Акыры атам экөө ажырашып тынышты. Себеби, мен башка мектепке которулуп окууга аргасыз болдум. Мурда мен окуган мектептеги балдардын шылдыңынан байкелерим да уялып, үйдөн мени төпөштөй беришчү.

Апам мени айылдык мектепке окутууну чечкен күндөн тарта атам экөөнүн мамилеси бузулду. Атам "балаңды өзүң буздуң" деп апам байкушту көп сабады. Айтор, эки ортодо чайналган апамды аяп, эмне кыларымды билбей жүрдүм. Апама "мен үчүн ажырашпагыла" деп көп жолу айттым, бирок ал мен үчүн курмандыкка барды...

Мен айылдагы таятамдын үйүндө жарым жыл окугандан кийин, кайра шаардагы мектептердин бирине которулдум. Анткени ал жерде да тынчтык болгон жок. Балдардын кордогонуна чыдабай кеттим.

Каарманыбыз Жанна Нурак кызы өз баянынын ушул жерине келгенде өпкө-өпкөсүнө батпай көпкө ыйлады. Жаннанын айтымында, апасы экөө ээрчишип жүрүп психолог, гинекологдорго далай жолу кайрылган, бирок алардын бири дагы жардам бере алган эмес.

- Баары эле апама түшүндүргөндө: "Уулуңуз эркек эле бойдон", – дешет. Ансайын апам экөөбүздүн ортодо түшүнбөстүктөр күчөдү. "Балам, сен обу жоктонбо", – дейт врачтардын сөзүнө ишенген апам...

Акыры апамды кыйнагым келбеди, анын каалоосу үчүн өзүмдү кыйнасам да "эркектин" образына кирип жүрдүм. Бирок көпкө жүрө алган жокмун. Интернет аркылуу өз досторумду таап, алардын арасында өзүмдү өзүм адам катары сезе баштадым. Кийин апамды да ошол досторумдун арасына ээрчитип бардым. Ал эмес досторумдун кээ биринин ата-энелери менен аралашкандан тарта, апамдын санаасы тынчыды. Алар менен сүйлөшүп, таанышкандан кийин гана апам мага толук эркиндик берди. Тилекке каршы, бардык эле трансгендерлердин ата-энелери баласын түшүнбөйт. Менин үйүнөн качып, ата-энесинен кол үзгөн курбуларым толтура...

Жаннанын апасы Канымгүл менен сүйлөшкөнүбүздө, маектешибиз трансгендер түшүнүгүн коомчулукка туура жеткирүү жагы абдан оор экенин айтты. Ал тургай коомдун алдыңкы өкүлү деген журналисттердин көбү трансгендер темасын чагылдырууда – элдин үрөйү учкандай мааниде жазышканына капа экен.

Ошондон улам коомчулукта терс пикирлер күчөп, ал аз келгенсип Чубак ажы Жалилов баш болгон диниятчылар маалыматтык каражаттар аркылуу – трансгендер чөйрөсүндөгүлөрдү бул дүйнөнүн шайтаны катары жайылткан пикирлер арбын экенине токтолду.

Бир курдай Чубак Жалилов дегени "Европада эркектер эркекке, аялдар аялга үйлөнгөн ыпластыкты эми бизге таркатуучулар бар" деген мааниде сүйлөгөнүн угуп, таң калдым. Ой, айланайын, бизде эркектер эркекке үйлөнгөн маселе жок. Андан коркунучтуу маселелер коомдо ачыкка чыкпай, көмүскөдө келатканы үчүн канчалаган өспүрүмдөр өз өмүрлөрүн кыйып жатат!

Жанагы суицид деген балакет кайдан чыкты, аны кантип токтотсо болот – мына ушул маселени ал диний ишмер катары изилдесе, канчалаган шордууларга сооп иш жасамак. Ким эле өз өмүрүнө өзү кол салганга барат?! Кырчындай жаш өспүрүмдөр өз өмүрүн кыюуга барып жатканына биз – чоңдор түрткү берип жатабыз.

Суициддин себептерин изилдөөдө атайы адистер да трансгендер проблемасына анча көңүл бурбайт. Мына, мен эне катары канчалаган өспүрүм жаштарды көрдүм, көбү ата-энесинен коркуп, үйүнөн качып, кээси өз жанын кыюуга аргасыз болгонун өздөрүнөн угуп жүрөм. Мен кыз болгум келет же эркек болгум келет дегендер албетте, чанда болчу окуя. Бирок ошол чанда кездешчү окуя бүгүнкү биз жашаган турмушта болуп жатканын көбү биле элек. Анан бирдеме болсо эле мындай ыпластык Батыш өлкөлөрүнөн бизге атайы жайылтылып жатат дешет.

Ой, айланып кетейин, бул нерсе адамдын жан жеринин кумары же эңсөөсүнөн келип чыкпаса керек! Менимче, адамдын жандүйнөсүн азапка салган кудайдын шыпаасы болсо, жаш өспүрүмдөр эмне кыла алышат?!

Же ата-энелери түшүнбөсө, же мектебиндеги парталаштары менен мугалимдери түшүнбөсө, аргасыздан өз жандарын кыюуга барбаганда эмне кылышат?! Кээде "Азаттыктан" чыккандар суицид жөнүндө талкуулар болгондо айтып жатышпайбы, баландай деген мектеп окуучусу эч кимге эч нерсе дебей эле өз жанын кыйыптыр дешип. Себепсиз эч нерсе болбойт. Себебин айталы дешсе, шылдыңга кабылгандан коркушат. Андай шордууларды айланасындагылар кемсинтип, кордоого кабылгандан улам чыдабай, өлүп алышарын биз билбей калып жатпайбызбы!

Эгер бул проблемага коомчулук олуттуу мамиле кылбаса, кырчындай жаштардын өз жанын кыйганы эч качан токтобойт. Кээ бир менин кызыма окшогон күчтүүлөрү гана аман-эсен калбаса, буларга кыйын экен. Мисалы менин кызым Жанна азыр жыйырма бирге келди, иштейин десе жумуш таба албайт. Себеби, паспортунда эркек деп жазылуу, сырткы келбети кызга окшош.

Окууга да тапшыра алган жок. Ошон үчүн кызымдын өмүрүнөн бассам- турсам корком. Себеби, "сен кызтекесиң" дешип өзүнүн эле теңтуш балдарынан канча жолу келтек жеп, шылдыңына кабылып келди?!

Бул боюнча көйгөй чынында өтө олуттуу экенин адис-врачтар да белгилейт.

Документ алмаштырууга келгенде медициналык корутунду чыгаруу жагы буга чейин чечилбей келгенин трансгендер коомунун өкүлдөрү да биздин журналисттик иликтөөгө жардам берип жаткан кезде айтышты.

Гүлнара Абдиева.
Гүлнара Абдиева.

Жумушка орношууда тоскоолдукка учурагандары көп экен. Бул жаатта балдардын психотерапия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлнара Абдиевага кайрылып, мындай жообун алдык:

Трансгендер жаштар Республикалык психикалык саламаттык боюнча борборго арыз менен кайрылып, ал жерден врачтардын консультативдик комиссиясынан өтүүгө тийиш. Бул комиссиялык кеңештен өтүп, атайы диагноз боюнча корутунду чыккан соң, документтерин алмаштыруу үчүн ЗАГС органдарына барып, керектүү документтерин колдоруна алып жаткандар бар.

Алар керектүү документтердин негизинде гана гормоналдык дарылануу укугуна ээ болушат. Ошондой эле паспорттогу жынысы деген жерге трансгендер өкүлү өзү каалаган жынысын жана ысымын каттатып, паспортун кайрадан алмаштыра алат. Анан жумушка орношуу да, жогорку окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгү да кыйла жеңилдейт.

Тилекке каршы, бул маалымат коомчулукка кеңири жете элек болгону үчүн трансгендер жаштар арасында буга чейин кыйналып келгендер болгон, азыр бирок "Лабрис" уюму аркылуу көбү муну билип калышты. Ошентсе да бизге кантип кайрылууну билбей жүргөндөр көп болушу ыктымал...

Биздин каарман Максат Кайратовдун айтымында, трансгендер маселеси жалпы адамзаттын, жалпы Жер планетасынын проблемасы.

– Менин балам трансгендер категориясындагылардан экени билингенден баштап, бул теманын тарыхына кызыгып, көп маалыматтар менен таанышууга туура келди. Мурда туулгандыгы боюнча күбөлүгүндө кыз деп жазылган уулумдун дароо эле эркек болом деген чечимине шашылыш кадам жасабоо керектигин ойлондум. Себеби кээси жаштык, мастык менен өз тагдырында жаңылыштык кетириши мүмкүн. Бирок менин уулумдун тээ бала күндөн берки жүрүм-турумуна өзүм анализ жасап көрсөм, чынында эле анын эркек балага окшош жактары көп болчу.

Үйгө келген-кеткен туугандар деле айтчу: "Кызыңар эркек баланын эле өзү" деп. Ыраматылык апасы экөөбүз деле андай кептерге күлүп койчубуз. Кийин балам өзү айтып жатпайбы: "Биздин үйгө келгендер мени эркек балага окшош деп айткан сайын, ичимден кубанчумун. Кээде апам экөөңөр да, эркек баладай болбой, кызга окшоп созулуп жүр" дегениңерди укканда, өзүмдү кадыресе эркек баладай алып жүргөнүмө сыймыктанчумун", - деп.

Демек, менин уулум башынан эле өзүн өзү аң-сезиминин түпкүрүндө эркек катары сезген, анан ага кантип каршылык кыла алам? Табияттын мыйзамына каршы чыга алмак белем? Арийне, кыргыз элинде балага тарбия берүүдө эне-атанын өзүмчүл мамилеси көбүрөөк үстөмдүк кыларын турмушубузда көп эле көрүп жүрөбүз. Андыктан кээде дал ошол эне-аталык эгоисттикти да жеңе билип, балдарыбыздын өз тандоосуна койгонубуз туура. Мен да ошондон улам баламдын өз тандоосуна жол бердим. Анткени мага анын кыз же эркек болгонунан мурда, эң башкысы – Адам болгону жана аман болгону маанилүү.

Даярдаган Сагынбек Жумашев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG