Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Калилов: дирекциянын негизги иши - кытай-кыргыз-өзбек темир жолун долбоорлоо


Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы болуп жаңы дайындалган Жамшитбек Калилов учурда ал жетектеп баштаган бөлүмдүн иши «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоорун ишке ашыруу экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Министрликтен темир жолду куруу актуалдуу экенин көтөргөнбүз. Былтыр орус темир жолу менен болжолдуу техника экономикалык негиздемесин долбоорлоо боюнча келишим түзгөнбүз. Мен министрликтен кеткенден кийин жакында эле орустар техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун бүтүптүр. Кыргыз тараптан тийиштүү министрликтер талкуулаган экен. Анан аларга материалдар кетиптир. Азыр эми жооп келет.

Ошондой эле Калиев темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын жол картасы иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынына кабылып, кийин арызын жазып иштен кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG