Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

ИИМ: Атамбаевдин Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тараткан маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси болгону аныкталган.

Кылмыш ишинин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оору тууралуу диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган. Ошондой эле ИИМ бул боюнча Атамбаевди бир нече жолу суракка чакырганын кошумчалады.

Милиция мындай билдирүүнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калгандан кийин таратты. 27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.

Мурдагы президентти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим гана ок колдонушканын, тескерисинче, мурдагы президенттин үйү тараптан атылган аскердик октон күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапканын билдирди.

Жаракат алгандардын арасында Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов, Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков жана Мээрбек Мискенбаев да бар.

XS
SM
MD
LG