Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Саламаттык сактоо министрлиги: Солтон-Сарыда жалпысынан 48 адам жабыркаган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтон-Сарыда чыккан чырдан жабыркаган бир жергиликтүү тургун Нарындын ооруканасында дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Айгерчинова ал бейтап ишкананын кызматкериби же нааразы тараптын өкүлүбү, азырынча айта албай турганын кошумчалады.

Мындан тышкары 47 кытай жараны жабыркаган. Алардын 19у Нарындын ооруканасына, 28и Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна кайрылган. Нарындагылар бир сутка жатып дарыланган, ал эми Бишкекке келгендер медициналык жардам алып кеткен, ооруканага жаткырылган эмес. Негизинен мээси чайкалып, денеси көгөргөн бейтаптар болгон.

Кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» Бишкектен 355 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. Кен Бучук жана Алтын-Төр деген эки участоктон турат.

Бучук участогунан алтын казууга 20 жылга уруксат берген 3228 АЕ лицензиясы 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам ишти токтотууну талап кылып 5-августта чыккан. Чыр ошол күнү чыккан.

7-августта өкмөт ишкананын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG