Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Навальный 30 күнгө соттолду


Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду.

Орусиянын Москва шаарында оппозициячыл саясатчы, коррупцияга каршы блогдору, иликтөөлөрү менен белгилүү Алексей Навальныйды 24-июлда үйүнүн оозунан полиция кармап кеткен.

Навальный "Инстаграмдагы" баракчасына полициянын атайын даярдыктагы аскерлери үйүнүн жанында автобуста аңдып отурганын, жубайына гүл сатып алуу үчүн сыртка чыкканда кармап кеткенин жазды.

Ал 27-июлда Москва шаардык мэриясынын алдында шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, мөөнөтсүз нааразылык акцияны баштоону сунуштап жаткан.

Москва шаардык кеңешине шайлоого катыша албай калган талапкерлер ушул жумада мэриянын алдына акцияга чыгышарын билдиришкен. Бийлик оппозициянын талабын "саясий шантаж" деп атады.

Алексей Навальный он күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 11-июлда абактан бошотулган. Ал ушул айдын башында 12-июнда журналист Иван Голуновду колдогон акцияга катышканы үчүн соттолгон.

XS
SM
MD
LG