Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Олимпиадага алгачкы жолдомо колго тийди


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Жапонияда өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо утту.

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында сууда сүзүү боюнча өтүп жаткан 18-дүйнө чемпионатында Денис Петрашов 100 метр аралыкка жарышка чыгып, 87 спортчунун ичинен 28-орунду ээледи.

Ал сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метр аралыкты - 1 мүнөт 94 секундада сүзүп өтүп, Кыргызстандын рекордун жаңыртты. Ошол эле учурда олимпиадалык нормативди толтуруп, жолдомого ээ болду.

Бул - кыргызстандык спортчуларга 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына берилген алгачкы жолдомо.

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы. Түштүк Корея, Кванжу шаары. 22-июль, 2019-жыл.
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы. Түштүк Корея, Кванжу шаары. 22-июль, 2019-жыл.

Денис Петрашовдон сырткары дагы үч кыргыз спортчусу мелдешке катышып жатат. Алар да жолдомо утат деп үмүт артып турганын Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов “Азаттыкка” билдирди.

«Дүйнө чемпионаты сегиз күн болот. Мелдештин биринчи күнүндө Денис биринчи болуп мелдешке чыкты. Эртең Кирилл Вайс жана Елизабета Рогозина жарышка чыгат. Андан кийин Анастасия Филина да бар. Биз дагы эки же үч олимпиадалык жолдомо алабыз деп үмүттөнүп турам. Бул мелдештен кийин алдыдагы Азия чемпионатында жолдомо алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар».

Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан. Ал кезде 16 жаштагы Денис брасс стилинде 200 метрге жарышка чыгып, 38-орунду ээлеген. 2018-жылы Аргентинада өткөн үчүнчү жаштар арасындагы олимпиада оюндарында 100 метр брасс стилинде сүзүп, күмүш байгенин ээси болгон. Ошол эле жылы Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында 5-орунду алган.

Быйыл Денис кыргыз спортчуларынын ичинен алгачкылардан болуп олимпиадага жолдомо утуп жатат.

"Мунун өзү чоң жетишкендик" дейт спорт журналисти Гулиза Авазова.

Гулиза Авазова.
Гулиза Авазова.

«Биздин сууда сүзүү спортунун деңгээли дүйнөдөгү башка өлкөлөргө караганда бир топ төмөн. Анткени эл аралык стандарттагы бассейндер жок. Ошого карабай спортчулар сууда сүзүү боюнча олимпиадага лицензия алып жатканы чоң жетишкендик».

Авазованын айтымында, Олимпиада оюндарында жакшы жыйынтык көрсөтүү үчүн мындан аркы машыгууларына жакшы шарттар түзүлүшү керек. Азырынча спортчунун алдыдагы машыгууларынын пландары түзүлүп, такталып жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов «Азаттыкка» билдирди:

Канат Аманкулов.
Канат Аманкулов.

«Денис Петрашовго толук кандуу шарт түзүлгөн. Мындан ары олимпиадага даярдануусуна да машыктыруучулары менен сүйлөшүп, машыгуу пландарына жараша керек болсо чет өлкөдө, алдыңкы спортчулар менен бирге машыгуусуна чейин шарт түзүп беребиз. Кыргызстандагы алдыңкы бассейндерде машыгуусун да пландап жатабыз. Биз бардык спортчуларга жолдомо утушу үчүн шарт түзүп, жолдомо уткандан кийин олимпиадага жакшы даярданышына колдон келген аракетибизди жумшап жатабыз».

Канат Аманкуловдун билдиришинче, кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына 20дан ашык олимпиадалык лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар. Эң көп жолдомону кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшүнүн балбандары алат деп үмүттөнгөндөр жок эмес.

Күрөш түрлөрүнөн алгачкы олимпиадалык жолдомолор сентябрь айында Нур-Султан шаарында өтө турган дүйнө чемпионатында берилет. Анда ар бир салмакта алдыңкы беш орунду ээлеген балбан гана олимпиадага жолдомо алат. Буга чейин Жеңил атлетика федерациясы жөө күлүк Дарья Маслова олимпиадага жолдомо утууга жакын турганын жана күзгө чейин жолдомо аларын билдирген.

Бул спорттун түрүнөн сырткары дзюдо, бокс, таэквандо боюнча да олимпиадалык лицензия алууга спортчулардын мүмкүнчүлүгү жогору экени айтылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG