Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган лаборант Ирина Цоповадан кабар алышты. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, лаборант өзүнүн абалы тууралуу даттанган эмес. Ошондой эле ден соолугу өтө оор эмес экенин айтып, «буту чирип жатат» деген маалыматтар ырасталбаганын белгиледи.
Буга чейин Цопованын сынган буту ириңдеп кеткени, ал бутунан ажырап калышы ыктымал экени тууралуу маалыматтар чыккан.
Цопова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгышы үчүн «ал ак кан илдетинен жабыркайт деген аныктама (справка) берди» деген айып менен кармалган дарыгерлердин бири. Анын тергөө абагында жараат алганы ырасталган.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, ондон ашык киши кармалган. (КЕ)