Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Өмүрбек Текебаев кайненесинин тажиясына барды (видео)


Камактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-июлда кайненесинин тажиясына барып, коштошуу зыйнатына катышты. Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү Чүйдүн Таш-Дөбө айылында болду.

Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5-июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаевге атайын күзөт менен барып-келүүгө бир күнгө уруксат берилгенин билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.

Июндун соңунда Текебаев ден-соолугуна байланыштуу камактан ооруканага которулуп, Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборунда дарыланып жатат.

Жогорку сот саясатчынын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыкмай болуп, отурумду 16-июлга белгилеген. (SE\TSh)

Текебаев кайненесинин тажиясына барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

XS
SM
MD
LG