Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Грузия: Көчөгө чыккандар тарады, акция кечинде уланары айтылды


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузиянын борбор шаары Тбилисинин Руставели көчөсүндө жол кыймылы кайра калыбына келди, парламент алдына чогулгандар тарап кетишти.

"Азаттык" радиосунун грузин кызматы кабарлагандай, топтолгон полиция кызматкерлери да көрүнбөйт.

Оппозиция нааразылык акциялары кечки саат 7де уланарын, ички иштер министринин отставкасы жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талаптары коюларын айтып жатат.

Өкмөт 20-июнда кечинде жана жумага караган түнү демонстранттар менен полициянын кагылышуусунда 240 киши жарадар болгонун, 100 киши ооруканада экенин билдирди.

Нааразылыкка орус Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун "Грузияны сыйлабастык" катары баалашты.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG