20-июнда калк менен түз байланышка чыккан орус президенти Владимир Путин төрт саат, жети мүнөт ичинде 70 суроого жооп берди.
Былтыр президентке 3 миллионго жакын суроо узатылып, Путин төрт жарым саат бою түз байланышта болгон. Быйыл элдин кайрылуусу эки эсеге азайганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «аптапта эч ким телевизор менен компьютердин алдында отургусу келбейт» деп түшүндүрдү.
Байланышка чыккандардын басымдуусу айлыктын аздыгына, аймактарда оорукана, догдурлар менен дары-дармектин жетишсиздигине, турак жай менен камсыздоодогу көйгөлөргө жана жер-жерлердеги социалдык абалга тынчсыздануу билдиришти.
Президент өлкөнүн экономикалык абалын «адамдар айтып жаткандай жаман эмес» деп баалап, жалпысынан айлык акы менен пенсия бара-бара көтөрүлүп жатканын белгиледи.
Ал эми АКШ жана Европа менен элдешүүгө чакыргандарга Путин «биз эч ким менен урушкан эмеспиз» деген жооп узатты.
«Биз эмне жоготтук? Эксперттердин маалыматы боюнча чектөөлөрдөн Орусия 50 миллиард доллар албай калды. Ал эми Европа Биримдиги 240 миллиард, АКШ 17 миллиард доллар жоготту. Алар биздин рынокту жоготуп жатышат. Биз 600 миллиард рублга импорттун ордун толтурдук», - деди Путин.
«Санкциялар – АКШнын чоң катасы» деген Путин ошол эле кезде АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууну каалайсызбы деген суроого ачык жооп бербеди.
Ал арада Евробиримдиктин Кеңеши «Крым менен Севастополду мыйзамсыз аннексиялап алганы үчүн» Орусияга киргизген санкцияларын дагы бир жылга узартканы маалым болду.
«Орусия эмне үчүн жаңы аскерий куралдарын эле көрсөтө берет» деген суроого Путин адаттагыдай эле «тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан» деген жооп узатты.
«Аскерий курал-жаракка кеткен чыгымдар боюнча Орусия лидер эмес. Алдыда АКШ, экинчи орунда Кытай, андан кийин Сауд Арабия, Британия, Франция, Жапония турат. Орусия жетинчи гана орунда».
«Биз аскердик чыгымдарды кыскарткан жалгыз улуу державабыз» деген Путин Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийге «таланттуу адам» деп баа берди:
«Мен анын 2000-жылдары Москвадагы КВНде ойногонун билем. Талантын көрсөткөн. Күлдүргөн. Бирок биз азыр көргөн нерсе күлкүлүү эмес. Бул комедия эмес, бул трагедия. Өлкө башчысы болгондон кийин көйгөйлөрдү чечүү керек. Ал өзүнүн шайлоо кампаниясында дал ушул көйгөйлөрдү көтөрүп чыкпады беле», - деген Путин Зеленскийдин Донбасстагы жикчилдер менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартканын сынга алды.
Орусиянын ички жагдайына байланыштуу Путинге кайрылгандардын арасында өлкөдөгү коррупцияга даттангандар да болду. «Бийлик коррупция менен күрөшүп жатабыз дейт, бирок, паракорлук азайганы сезилбейт» деген суроого «бул сиздин гана туюмуңуз» деген мааниде жооп узатты.
Түз байланышта экранга «Бирдиктүү Орусия» партиясындагы патриоттордун бандасы бизди кайсы жакка алып баратат» деген суроо да болду. Путин ага төмөнкүчө жооп берди:
«Мен 1990-жылдардын башында бийликте турган адамдарды «банда» деп атамак эмесмин. Бирок анда биздин социалдык чөйрө, өндүрүш, коргонуу тармагы талкаланып, өлкө суверендүүлүгүн жоготуу алдында калган. Ал убакта иштеген адамдардын бардыгы буга жоопкерчилик тарткан эмес. Аларды "банда" деп атабайм, бирок алар жоопкерчилик тартышы керек».
Орусиялыктар өз лидеринен эмне үчүн сөз эркиндигине чектөөлөр киргизилип жатканын да сурашты. «Эмне үчүн адамдарга Интернетте өз оюн ачык жазууга тыюу салынды?» деп кайрылган адамга «Орусияда бир гана административдик жаза каралганын, башка бир топ өлкөдө мамлекеттик бийлик менен символдорду мазактоо үчүн кылмыш жазасы бардыгын» айтты.
Орусияда мамлекеттик органдарды жана бийлик өкүлдөрүн мазактоого тыюу салган мыйзам быйыл мартта күчүнө кирген. Анда бийликти, мамлекеттик символдорду мазактоого, сындоого тыюу салынып, ал үчүн административдик чара - камакка алуу жана 300 миң рублга чейин айып пул салуу каралган. Мыйзам кабыл алынгандан бир жума өтпөй социалдык тармактарга Путин тууралуу «жомокчу былык», «Путин гей» деп пост жазган адамдар айыпка жыгылган.
Буга кошумча Орусияда Интернетти чектөө боюнча мыйзам долбоорго нааразылык айтылды. Быйыл апрелде Мамлекеттик Дума «Рунеттин өз алдынчалыгы» деп аталган мыйзам долбоорун кабыл алган, ал президент кол койсо эле күчүнө кирет. «Бийлик Интернетти толук көзөмөлгө алып жатат», «цензура күчөйт» деп бул мыйзамды сындагандар арбын, бир катар нааразылык акциялары да өткөн.
Бул суроого Путин «Бул чектөө үчүн эмес, Орусиянын Интернетинин үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо аргасы» деп жооп берди.
Орусиянын эли менен бул ирет 17-жолу түз байланышка чыккан Путин президенттик кызматтан тажай электигин, өлкөдөгү башкы көйгөй катары эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгүн белгиледи.
Путиндин мындай форматта орусиялыктар менен баарлашканы түз эфирде жүрөт деп айтылганы менен президентке суроолор алдын-ала жөнөтүлөт. Эфирди мамлекеттик телеканалдардын журналисттери алып баргандыктан, суроолордун көбү электен өтөт деп сындалып жүрөт. Буга кошумча, бул ирээт жарандардын суроолору түз берилбей, ортодон журналисттердин "цензурасына" кабылганы нааразылык жаратты.